Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 04.12.2019 19:00

Түптө СПИДге каршы флешмоб уюштурулду

Turmush -  Түп районунда 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата флешмоб өткөрүлдү. Бул тууралуу Түп райондук ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Назгүл Кусеева билдирди.

Анын айтымында, флешмоб «Дени сак эне – дени сак улут» аттуу волейбол боюнча эки күндүк турнирдин алкагында өттү.

«Мелдештин катышуучуларына жана окуучуларга Түп райондук ден соолук комитеттери жана ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн ыктыярчылары СПИД илдетин алдын алуу багытындагы маалыматтар жазылган баракчаларды таратышты», - деди Н.Кусеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×