Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 03.12.2019 21:21 На русском

Кара-Көлдөгү унаа кырсыктан 52 жаштагы аял мерт болду

Turmush -  Бүгүн 3-декабрда Кара-Көл шаарындагы унаа кырсыктан 52 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек–Ош жолунун Кара-Көл шаарына караштуу Капчыгай чөлкөмүндө болгон. 6 орундуу жеңил унаа Бишкектен Ошту көздөй бара жатып, каршы чыккан жүк ташуучу унаадан буйтап жатып кырсыкка учурады.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, кырсык Бишкек–Ош жолунун 372-чакырымында катталган. Ичинде 6 жүргүнчү келе жаткан «Опель» үлгүсүндөгү унаа жолдон тайгаланып, оодарылып кеткен. Натыйжада 1 адам каза болгон. Жолдун аталган тилкесиндеги айрым жерлер тайгалак болуп жатат.

Бул фактыны Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан да тастыктап, жабырлануучу аларга 16:05 чамасында жеткирилгендигин билдиришти. Жандандыруу бөлүмүнө 1967-жылы төрөлгөн М.А. жүрөгүнүн согушу байкалбаган абалда түшкөн. Анын башы жарылып, кабыргалары сынып, оң колу ачык сынып, сөөгү көрүнүп калган. Сол жак кулагы жок, оозу-мурдунан кан аккан абалда келген. Дарыгерлер биринчи жардам көрсөтүшкөнү менен өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Мындан сырткары дагы 2 эже-сиңди, 1 жаш бала түшкөн. Алардын акыбалы жакшы, бирок шок абалга түшүп, коркуп калышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×