Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.12.2019 18:18

Майыптарды коргоо күнү: Ак-Талаада 16 адамга азык-түлүк берилди

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында 3-декабрь — Майыптарды коргоо күнүнө карата 16 адамга азык-түлүк берилгенин айыл өкмөттүн адиси Кадырбек Эсенаманов аймактык кабарчыга билдирди.

Айыл өкмөт башчысы Нурбек Соодонбеков ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жашоочулар менен жолугушуп, аларга ден соолук каалады. Андан соң жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөттүн кызматкерлери, жеке ишкерлер тарабынан жалпы 16 жаранга азык-түлүктөр берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×