Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 03.12.2019 18:15

Базар-Коргондогу мектепке эмгек мигранттар эмеректерди алып беришти

мектеп
мектеп

Turmush -  Чет өлкөлөрдө эмгектенген мигранттар каражат топтоп, Базар-Коргон районундагы мектепке эмеректерди алып беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Каба айылындагы №32 Жоробай Канашов атындагы орто мектебинде буга чейин окуу эмеректери тартыш болуп келген.

«Мектеп эки имараттан турат. Биринчиси 1968-жылы курулган, экинчиси 1992-жылы ашар жолу менен салынган. Мектепте окуучулар көп болгондуктан стол жана парта жетишсиз болчу. Өткөн жылы ата-энелер фондунун колдоосу менен 62 отургуч сатып алганбыз. Быйыл мектептин бүтүрүүчүлөрү жана чет жерде иштеген жаштар окуу парталарын сатып беришти», - деди мектептин директору Манзура Эгембердиева.

Мындан тышкары, ал мектепте 400дөй окуучу 2 нөөмөт менен билим алып жатканын, класстык бөлмөлөр жетишсиз болгонуна байланыштуу кошумча сабак өтүүгө шарт жок экенин кошумчалады.

Өткөн жылы ӨКМ №32 Жоробай Канашов атындагы мектептин имаратын окууга жараксыз деп тапкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×