Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ош облусу, Ош 03.12.2019 18:10 На русском

Ошто ӨКМдин отрядында кызмат өтөп жаткан жоокер өргүүдөн кийин бөлүккө кайтып барган эмес

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын жоокери кыска мөөнөттүү өргүүдөн кийин кызматын өтөп жаткан бөлүккө кайра кайтып барган жок. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда АКИпресс басылмасына ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Р.Х. аттуу жоокер 16-ноябрда ант берип, 1 суткага бошотулган. Жоокер 17-ноябрда саат 17:00дө кызматын өтөп жаткан бөлүккө кайтып барышы керек болчу. Бирок Р.Х. барган эмес.

«Анын иш-аракети өз алдынча бөлүктү калтырып кетүү катары бааланууда. Тергөө иштерин Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат», - деп айтылат ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×