Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Нарын облусуКочкор району 03.12.2019 18:10

Кочкордо «Биз биргебиз» кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду

Turmush -  Бүгүн, 3-декабрда Кочкор районунда Майыптарды коргоо күнүнө карата «Биз биргебиз» аттуу кайрымдуулук иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Иш-чаранын башында акимдин орун басары Элмира Садыкова: «Сиздерге ден соолук жана сабыр берсин. Бул да жараткандын чоң сыноосу деп кабыл алабыз», - деди.

Кайрымдуулук иш-чарага Кочкор районундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катышып, демөөрчүлөр тарабынан даярдалган белектерге ээ болушту. Ал эми Ж.Тойгонбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин студенттери өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары М.Мусунманкулов атындагы музыкалык мектептин эмгек жамааты жана окуучулары 14 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга концерттик программа уюштурушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×