Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.12.2019 17:48

«Байге фонду 110 000 сом болду»: Ак-Талаадагы 40 жаштан өткөн тургундар көк бөрүдө күч сынашты

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында 40 жаштан жогорку курактагылар арасында көк бөрү боюнча чоң мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу билдирди.

Кечээ, 2-декабрда Үгүт, Ак-Кыя, Жаңы-Талап, Тоголок Молдо жана Кызыл-Белес айылдарынын тургундарынын арасында өткөн мелдештин байге фонду 110 миң сомду түздү. Бул каражатты көк бөрү сүйүүчүлөрү, айыл өкмөттөр жана демөөрчүлөр чогулткан.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

- 1-орунду «Хан Шырдакбек-Баетов» курама командасы багындырып, 35 миң сом жана диплом;
- 2-орунду Тоголок Молдо айылынын командасы камсыздап, 20 миң сом жана диплом;
- 3-орунду Кош-Дөбө айылынын командасы ээлеп, 15 миң сом жана диплом менен сыйланышты.

Андан сырткары «Эң мыкты күлүк», «Эң улуу оюнчу» жана башка номинациялар боюнча сыйлыктар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×