Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Ош облусу, Ош 03.12.2019 16:25 На русском

Ошто кафелердин биринде 4 жигит мушташып, ок атылды

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында 4 жигит мушташып, бирөө атылган октон жаракат алган. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматты Ош ШИИБ тастыктады. Алардын маалыматына караганда, 26-ноябрь күнү Ош шаардык ооруканасына бейбаштык фактысы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ош шаарынын 1994-жылы туулган тургуну О.у.И. жана досу С.А. шаардагы Ленин көчөсүндөгү кафелердин биринде Ж.Н. жана А.Б. аттуу балдар менен мушташкан. Ж.Н. менен А.Б. Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасынын тургундары.

Аталган факт Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренесинин негизинде (бейбаштык) катталган. Текшерүү учурунда Ж.Н. атылган октон жаракат алганы аныкталган. Бирок кайсы куралдан ок атылганы белгисиз. Учурда 4 жигит тең кармалып, тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×