Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ош облусу, Ош 03.12.2019 15:20 На русском

Ошто ата-энеси баш тарткан 2 жаштагы бала каза болуп, акыркы сапарга дарыгерлер узатты

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Ош шаарында атасы баш тарткан 2 жаштагы бала көз жумду. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, бала 22-ноябрь күнү каза болгон. Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раеванын айтымында, бала шал оорусу менен ооругандыктан атасы андан баш тарткан.

«Каза болгон баланын ата-энеси ажырашып кетиптир. Бала атасынын колунда калып, балдардын реабилитациялык борборуна тапшырылган. Атасы баласынан баш тартканы жөнүндө түшүнүк кат жазып берген. Бала оорусунун кесепетинен каза болгон. Биз баланын атасы менен байланыша алган жокпуз. Атасынын бир тууган эжесине айтсак, алар баланын сөөгүн албай турганын билдиришти. Баланы дарыгерлер акыркы сапарга узатты», - деди Г.Раева.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов да маалыматты тастыктады.

«23-ноябрда Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө тез жардам кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы балдар үйүндө жашаган 2017-жылы туулган К.Д. аттуу бала каза болгонун билдиришкен. Ага сырттан кароо жүргүзгөндө эч кандай жаракаттар байкалган эмес. Тергөө тобу тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Бала шал оорусу менен төрөлгөн. Аталган маалымат Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», - деди Абсатар Тавакалов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×