Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 03.12.2019 15:15 На русском

Жалал-Абадда жасалма акча менен соода кылган үч жигит кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 2000 сомдук жасалма акча менен соода кылган жигиттер кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 27-28-ноябрь күндөрү Токтогул районунун бир нече тургундары милицияга арыз менен кайрылышкан. Алар соода түйүндөрүнө 20-25 жаштардагы жигиттер келип, 500 сомго чейин соода кылышканын жана ага 2000 сом төлөп, ашканын алып кетишкенин билдиришкен. Ошол 2000 сомдук акча жасалма экени билингенден кийин алар соода кылган жигиттерге чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Бул факт боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 225-беренеси (Акчаны же баалуу кагазды жасоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Токтогул районунун 2001-жылы туулган тургуну Т.К. жана анын кылмыштуу шериктери О.С., М.У. кармалып, далил катары 2000 сомдук жасалма купюралар алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Т.Б. камакка алынып, эки шектүү үй камагына чыгарылган. Учурда купюралар кайсы жактан алынып, кандай шарттарда жасалганы боюнча тергөө жүрүүдө.

Кийинчерээк маалым болгондой, «Жалал-Абад электр» ААКтын башкы директору Д.Рахманов кол алдындагы жетекчилерге телефонограмма жөнөткөн. Анда ал Токтогул районунда 29-ноябрь күнү 2 миң сомдук жасалма 5 пачка акча тарап кеткени тууралуу маалымат түшкөндүгүн айтып, 2 миң сомдук купюраны аларда кылдаттык менен текшерүүнү суранган.

Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Хусейин Акимбеков ААКтын башчысынын WhatsApp аркылуу тараган каты боюнча финансы мекемелердин жетекчилерине бүгүн кат жолдошу керектигин айтты.

«Биз жарандардын кызыкчылыгын коргоо максатында финансылык мекемелердин жетекчилерине кат даярдап жөнөттүк. 2 миң сомду алууда абайлоо керектигин, акчанын жасалма же жасалма эместигине маани берүү зарылдыгын эскерттик. Айтып жаткан 2 миң сомдук акчанын жасалмалуулугун эл бат эле билсе болот. Акчада 2 миң сом деген жазуусу бар жери бодурайып турат», - деди Х.Акимбаев.

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда бир даана 1000 сомдук, 1 даана 200 сомдук жасалма акча аныкталып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. 2018-жылы жасалма акча боюнча факт катталган эмес. 2017-жылы бир 5 миң сомдук акча жасалма болуп чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×