Ноокатта инспектор айым пара алып жатканда кармалды. Видео
Turmush - Ноокат районунда пара алууга шектелип жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга караганда, күч органдарынын өкүлдөрү бүгүн, 3-декабрда шектүүнү колго түшүрүү операциясын жүргүзүшкөн. Ыкчам жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында инспектор З.К. (аял киши) пара алып жаткан учурда кармалган.
Тергөө иштери Ички иликтөө кызматына кайрылган жергиликтүү тургундун арызынын негизинде жүргүзүлүүдө. Азырынча башка жагдайлар белгисиз.
Колго түшүрүү операциясы социалдык тармактарга тарады
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 30-ноябрда Ички иликтөө кызматына М.М. аттуу тургун кайрылып, ЖКККБнын кызматкерине чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, инспектор жол эрежесин бузгандыгы үчүн 2 миң сом пара алгандан кийин дагы 8 миң сом талап кылган. Жол тескөөчү М.М.нын паспортун алып, кайра бербей койгон. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде катталган.
Атайын жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында 5 миң сом пара алып жаткан жеринен Ноокат райондук ЖКККБнын кызматкери, милициянын старшинасы З.К. кармалды.