Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуКочкор району 03.12.2019 14:25

«Өлгүм келип жатат»: Кочкордогу ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандардын ыйы...

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү — ар жыл сайын 1-декабрда белгиленүүчү күн. Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач «Төрт-Г» деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен улуттар уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган. Turmush басылмасы бул күнгө карата сабак болсун деген максатта даярдалган материалдарды жарыялоону улантат.

Кочкор райондук үй-бүлөлүк спидолог-дарыгер Каным Иманалиева ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган бейтаптардын абалы кандай болорун аймактык кабарчыга айтып берди.

Диагнозун айтуу кыйын

- Акыркы убакта бул инфекция жыныстык жол менен тез тарап жатат. Ушул кезге чейин Кочкор району боюнча 55 учур катталды. Булар кокусунан табылып калгандар. Мисалы, медициналык текшерүүдөн өткөндө же бирөөгө донор болууда бул инфекция чыгып калып жатат. Мындай оору менен ооруп калган адамга диагнозун айтуу бизге да кыйын. Алгач укканда ыйлашат, таптакыр кабыл алгысы келбейт. Айрымдары «өлүп калгым келип жатат» деп ыйлашат. Аларга туура түшүндүрүп, дары-дармектерин берип, көзөмөлгө алабыз. Бейтаптардын эң жашы 24 жашта болсо, эң улуусу 60 жашта.

Адамдын иммунитети алсыз болсо, ВИЧ-инфекциясынан башка оорулар козголот. Бул оору менен жабыр тарткан адамдын жүрөгү катуу согуп, бездери чоңоёт, тамактана албай арыктайт. Психикалык абалы да өзгөрөт.

Өз дарты менен алышып жүрүүгө туура келет

- Бизде 13 жыл мурун ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган бейтап бар. Ал биз жазып берген дарыларды калтырбай ичип, жакшы жүрөт. Айрымдары дарыны өз убагында ичпей, иммунитетин түшүрүп алып, кургак учук же рак оорусуна чалдыгып калышат. Кудай «сактансаң сактармын» дейт. Анын сыңарындай, бул оорудан сактануу керек. Бейтаптардын арасында жапжаш, сулуу, карасаң көзүң тойбой турган жаш келиндер, кычыраган жигиттер бар. Айрымдары кайдан жуктуруп алганын да билбейт. Кээ бир адамдар ушул оору менен ооруп калса, эч кимге айта албай кыйналышат. Өзү менен өзү болуп, дарты менен алышып жүрө беришет.

Мени да коркуткан бейтаптар

- Бир замандашыбыз ушул илдетке чалдыгып калыптыр. Биз диагнозун айтсак, таптакыр кабыл албай койду. Үй-бүлөсү да мага ишенбөөчүлүк көрсөтүп, телефон чалып, мени коркутуп жүрдү.

Республикалык СПИД борборго чейин барып, кеңеш сурап, жеке менчик лабораторияларга кайрылышты. Жыйынтыгы мен айткандай эле болду. Акыры дарыланууну баштады.

Эгер бейтап өзүнүн оорусун билип туруп башкаларга атайылап жуктурса, анда мыйзам алдында жооп берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×