Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Талас облусу, Талас 03.12.2019 14:20 На русском

Таластагы токойдо 16 жаштагы кызды зордуктап кетишти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  23-ноябрда Талас шаарындагы токойдо 16 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя түнкү саат 2:00 чамасында болгон. Кыз орто кесиптик билим берүү жайларынын биринде билим алып жүргөн. Кылмышка шектелип 16 жана 18 жаштагы 2 жигит кармалды.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, иликтөө жүрүп жатканын кабарлады. Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, жабырлануучу 2003-жылы туулган кыз экенин такташкан. Кылмышка шектелген 2 адам үй камагында кармалууда. Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×