Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ош облусуАлай району 03.12.2019 21:00

Алайда СПИДге каршы ак халатчандар арасында сынак өттү (сүрөт)

Turmush -  Алай районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери арасында «Коом мааниге ээ» ураанынын алдында сынак уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Катышуучулар ВИЧ инфекциясына байланыштуу атайын санитардык баракчаларды даярдашып, презентациялашты. Аталган медицина борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Уркуя Полотова сынак бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулганын белгиледи.

«Тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн өзүбүз бул оору тууралуу жана андан сактануу жолдорун так билишибиз керек», - деди ал.

Сынакта даярдалган бюллетендердин жасалышына, материалдын актуалдуулугуна, эн белгилердин жасалгаланышына көңүл бурулду. Сынакка катышкан ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна калыстар тарабынан суроолор да берилди.

Жыйынтыгында №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мээрман айымы Гүлсана Нурова баш байгени жеңип алды. Ал эми 1-орунга №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мээрман айымы Нурайым Насырова, 2-орунга дарылоо-кеңеш берүү бөлүмүнүн медайымы Апел Калмаматова, 3-орунга №4 Талды-Суу айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мээрман айымы Талантбек кызы Айчүрөк ээ болду. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×