Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 02.12.2019 18:30

Чолпон-Атада СПИДге каршы флешмоб уюштурулду

Turmush -  Ысык-Көл районунда 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Чолпон-Ата шаарында окуучулардын, атайын адистердин катышуусунда «Биз СПИДге каршыбыз» аттуу флешмоб уюштурулду. Анын жүрүшүндө спорттук мелдештер дагы өткөрүлүп, адистер бул оорудан сактануунун жолдорун айтып беришти.

Облуста бул илдетке чалдыккан 200дөн ашык адам катталса, анын ичинен 59 адам Ысык-Көл районунун тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×