Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 02.12.2019 17:44 На русском

«Достук» көзөмөл-өткөрүү бекетинин жетекчиси Т.Айтбаев кызматынан убактылуу четтетилди

«Достук» өткөрмө бекети
«Достук» өткөрмө бекети

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекетинин жетекчиси Талант Айтбаев 30-ноябрь күнү жумушунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Буга чейин Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлүн уюштуруу бөлүмүнүн подполковниги Талгат Аланов АКИпресс-Ошто маалымат жыйын уюштуруп, көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы коррупциялык иштерди айтып чыккан. Ал «Достук» бекетиндеги чек ара кызматкерлери дипломатиялык унаадагы кытайлык жарандардан негизсиз 600 доллар алганын билдирген. Бирок Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Адылбек Сейдалиев подполковник айткан дооматтарды четке каккан.

Көзөмөл-өткөрүү пунктунун башчысы Талант Айтбаев жумушунан убактылуу четтетилгенин укканын, бирок тиешелүү буйрукту көрө электигин билдирди.

«Буйрук менен тааныштым. Талгат Аланов боюнча эмес, башка себептерден улам убактылуу четтетилдим. Кытайлык жарандардан кыргызстандык чек арачылар 620 доллар алган делген окуяга эч кандай тиешем жок. Мен кызматыма өткөн жылы дайындалгам», - деди Т.Айтбаев.

Талант Айтбаевдин убактылуу жумушунан четтетилгенин Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы дагы тастыктады. Алар Т.Айтбаев ушул жылдын ноябрь айынын башында «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунан белгисиз жарандардын мыйзамсыз өтүү аракетине жол берген деген жүйөө менен убактылуу иштен четтетилгенин билдиришти.

Буга чейин Талгат Аланов Ош облусундагы «Эркештам» жана «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекеттериндеги кызматкерлер туристтерден 200 доллар жана 600 доллар алышканын айтып чыккан.

«Ушул эле жылдын жай айында "Ош" эл аралык аэропортун текшерип жүргөндө туризм министринин кеңешчиси телефон чалып, "Достук" бекетинен кытайлыктардын дипломатиялык унаасындагы жарандардан 600 доллар алыптырсыңар деди. Андан мурун эле кеңешчи ошол кытайлык жарандарды чек арадан өткөрүп коюуну өтүнгөн. Мен "Достук" бекети менен байланышып, карап койгула деп эскерткем. Мен дайындаган адам жумуштары менен башка жакка кетип калып, чек ара кызматкерлери кытайлык жарандардан 620 доллар алып коюшуптур. Ал жерде видеокамералар бар. Мен териштирип, ким алганын тапкам. Акчаны кайра кеңешчиге кайтарып бергенбиз. Бирок кийин күнөөсү жок кызматкер жумуштан алынып, чыныгы күнөөлүү алынган жок», - деген Талгат Аланов.

Толук маалымат жана видео бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×