Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 02.12.2019 19:30

Аксыдагы окуучулар СПИДге каршы жөө жүрүш жасашты

Turmush -  Майлуу-Суу шаарындагы мектептерде 26-ноябрдан 3-декабрга чейин кылмыштуулуктун алдын алуу жана окуучуларды толеранттуулукка тарбиялоо максатындагы семинарлар уюштурулууда.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш-чарага шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү, шаардын имамы катышууда. Алар жаштарды мыкты билим алууга үндөшүп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чакырышууда. Мекенди сүйүп, ар кандай кырсык, кылмыштардын оолук болуу керектиги дагы эскертилди.

Ал эми 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Аксы РИИБ тарабынан мектеп окуучуларынын катышуусунда район борборунда жөө жүрүш өткөрүлдү. Анда өспүрүмдөр СПИДге жана баңгизаттарга каршы экени жазылган плакаттарды колдоруна көтөрүп өтүштү.

Аксы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери менен биргеликте 9-11-класстын окуучуларына баңгизаттын зыяндуулугу боюнча атайын семинар уюштурулду. Сергек жашоого үндөгөн ден соолук бурчтары, дубал гезиттери жасалып, окуучулар арасында сынактар өткөрүлүп, театрлаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×