Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 02.12.2019 17:14 На русском

Ат-башылыктар жол боюнча нааразычылык акциясына чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 2-декабрда Ат-Башы районунун борборунда 200дөй адам чогулуп, Ат-Башы—Өзгөрүш жана Ат-Башы—Жаңы-Күч жолунун учурдагы абалы боюнча нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алар ички жолдордун начардыгын, жол оңдоого бөлүнгөн каражаттар максатсыз жумшалып жатканын айтышты.

«Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Талаа жана Казыбек айылдарынын тургундары чыктык. Ички жолдордун оңдолбой жатканына нааразыбыз. Бир жолго бөлүнгөн каражат башка жолду жасоого жумшалып жатат. Мындай болбошу керек. Каражаттарды максаттуу колдонуу зарыл», - деди алар.

Чогулган элди Ат-Башы районунун акими Жакып Субакожоев кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле жыйынга Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Содонбаев дагы катышты. Жыйынтыгында протокол түзүлүп, ал тиешелүү жактарга жөнөтүлмөй болду. Андан соң Жумаш Содонбаев эл нааразы болуп жаткан жолду өз көзү менен көрүү үчүн барды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×