Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 02.12.2019 16:34

Сүрөт — Ала-Букада 3 тез жардам унаасы тапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 2-декабрда Ала-Бука районунда саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу багытында 3 тез жардам унаасы тапшырылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Тапшыруу аземине эл өкүлү Азизбек Турсунбаев, Ала-Бука районунун акими Эмил Абдыкадыров жетектеген мекеме-ишканалардын башчылары жана райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери катышты.

Ала-Бука райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна «УАЗ-Э962» үлгүсүндөгү 2 тез жардам унаасы жана «Тойота» үлгүсүндөгү 7 орундуу тез жардам унаалары тапшырылды. Буга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 2 800 000 сом жумшалды.

«Эки унаа үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда калса, бири алыскы чек арага чектеш 1-Май айыл аймагына берилди», - деп билдиришти райондук мамлекеттик администрациядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×