Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ош облусу, Ош 02.12.2019 20:00

СПИДге жол жок: Жөө күлүк Эмил Тиллебаев 55 чакырымды 5 саатта чуркады

Turmush -  34 жаштагы Эмил Тиллебаев кечээ, 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Алай районунун Чыйырчык ашуусунан Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылына чейинки 55 км аралыкты 5 саат 11 мүнөттө чуркап өттү. Ал 1 жыл мурун декабрь айында ашыкча салмактан арылуу максатында чуркап баштаган. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, бир жылдын ичинде 86 килограммдан 69 килограмм салмакка арыктаган. Буга чейин Бишкек шаарына чейин барып, жөө күлүктөрдүн көптөгөн марафондоруна катышкан.

«Кечээ, 1-декабрда алыскы аралыкка чуркоо боюнча марафонго катышып, жалгыз өзүм 55 км аралыкты чуркап өттүм. Максатым — 60 км аралыкка чуркоо болчу. Орточо эсеп менен 1 км аралыкты 5 мүнөт 40 секундда басып өттүм. Алгачкы жолу мындай алыс аралыкка чуркагандыктан, ден соолугума зыяны тийбесин деп 55 км аралыкка жеткенде чуркоону токтоттум. Марафондун жобосунда 42 км чуркоо көрсөтүлгөн. Өзүмдү сынап көрдүм. Сумкама азык-түлүк салып алып, чуркап баратканда тамактандым. Чуркаганда көп жей албайт экенсиң. Сумканын салмагы 4 кг болду. Суук аба ырайы ден соолугума терс таасирин тийгизген жок», - деди Эмил Тиллебаев.

Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Каш-Кабак айылынын тургуну. Учурда Ош шаарындагы банктардын биринде эмгектенет.

Ош шаарында жөө күлүктөр өз алдынча топ түзүшкөн. Алар бир жылдан бери бирге чуркап турушат. Максаты — адамдарды сергек жашоого үндөө. Учурда аталган топто 30га жакын адам бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×