Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 02.12.2019 16:04

Аксыдагы Итагар айылынын тургундары нааразычылык билдирип чыгышты

Аксыйский район
Аксыйский район

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылынын тургундары бүгүн, 2-декабрда нааразычылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Чогулгандардын айтымында, алар 3 тургундун сарайынан 3 кой дайынсыз жоголгонуна нааразы. Алар милицияга арыз жазып, бул ишти дыкат териштирүүнү жана күнөөлүү адамды табууну талап кылышты.

Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Нурмырза Абдыраманов уурулук боюнча аймактык милицияга тапшырма бергенин билдирди.

«Мага эртең менен кабар келди. Эки милиция кызматкерин жана орун басарымды кошуп жөнөткөм. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат», - деди ал.

Буга чейин Авлетим айыл өкмөтүнүн Мукур айылынын тургундары мал-жандыктар жоголуп жатканын айтып, нааразычылык билдирип чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×