Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 02.12.2019 14:12

«Дордойдо» иштеген атанын бычакталган уулу жерге берилди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Аламүдүн районунда бычак жеп каза болгон жигит кичи мекенинде жерге берилди. Бул тууралуу айыл тургандары билдиришти.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 29-ноябрда саат 20:30 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылындагы 46 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнө медициналык бет капчан 4 жигит кирип, үй ээлери аларга каршылык көрсөткөн. Шектүүлөр 19 жаштагы жигитке бычак сайып, качып кетишкен. Жаш жигит — үй ээсинин уулу ооруканада каза болгон.

Бул факт Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 30-ноябрда Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүүлөр кармалган. Алар 19 жаштагы Б.С., М.Ж., 21 жаштагы Р.Б. жана 18 жаштагы Ч.Ш.экени такталган. Шектүүлөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иши уланууда.

Төмөнкү Ала-Арча айылынын тургундарынын айтымында, үйдүн кожоюну 20 жылдан бери «Дордой» базарында соода кылчу.

«Кармалган жигиттер биздин айылдын балдары эмес. Алар Бишкек шаарынан келишкен окшойт. Үйдүн ээси 20 жылдан бери "Дордой" базарында соода кылат. Эшикти такылдатканда уулу О.Э. ачыптыр. Ошондо эле кармашып кетишиптир. Сырттагы ызы-чууну уккан атасы дароо чыккан. Ошондо тигилер баласын бычак менен сайып, өздөрү качып кетишиптир.

О.Э. 2000-жылы төрөлгөн. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти болчу. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу эле. Анын сөөгүн ошол күнү эле кичи мекени Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна алып кетишкен», - деп билдиришти айылдыктар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×