Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Баткен облусуБаткен району 02.12.2019 13:17 На русском

Үч сааттын ичинде жашоосу түп тамырынан өзгөргөн Гүлбарчындын тагдыры

Turmush -  Баткен районунун Айгүл-Таш айылынын 37 жаштагы тургуну Гүлбарчын Туйгунова 8 жыл мурун жашоосу түп тамырынан өзгөргөнүн аймактык кабарчыга айтып берди. Анын айтымында, ал 17 жашында турмушка чыгып, кыздуу болгондон кийин ажырашкан.

«Мындан 8 жыл мурун жашоом түп тамыры менен өзгөрдү. Анда Россияда иштечүмүн. Ошол күнү кадимкидей эле жумуштан үйгө келип, уктап жаткам. Түнкү саат 03:00 чамасында дааратканага баргым келип ойгондум. Бирок дааратканага барганым менен заара бөлүп чыгара албай койдум. Апама телефон чалсам, "бөйрөгүңө суук өткөн окшойт, буулап көрчү" деди. Мен белимди буулап жаткычакты саат 05:00 болду. Уктап кетиптирмин, саат 08:00дө ойгонсом, эки бутумда жан жок. Ошентип 3 сааттын ичинде баспай калдым, анын себеби азыркыга чейин табышмак бойдон калды. Анан Кыргызстанга келип, дарыгерге көрүндүм. Алар жүлүндү киста кысып калганын, аны операция жолу менен алып салуу керектигин жана андан башка жол жок экенин айтышты. Дарыгерлер баса турганымды айтышты. Бирок андан бери 8 жыл өттү, жыйынтык болгон жок. Эми күчтүү дарыгерлерге кайрылууну ойлоп жатам», - деди Гүлбарчын Туйгунова.

Ал турмуштун сыноосуна сынбай, алдыга умтулганды үйрөнгөн.

«Азыр Бишкек шаарында батирде жашайбыз. Кызым студент. Үйдө кол өнөрчүлүк менен алектенем. Буйрутма менен сайма сайып, каражат табам. Үйлүү болуп, ошол үйдө небере баксам экен деп тилек кылам. Сайма сайгандан тышкары пенсия алам. Бир туугандардан акча сурабаганга аракет кылам. Алардын деле өздөрүнүн үй-бүлөсү, жашоосу бар да. Ата энем иштебейт. Тааныштар колдоп турушат, аларга ыраазымын», - дейт Г.Туйгунова.

Ошондой эле ал «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланганын айтты.

«Ырчылык өнөрүм менен бир топ ийгиликтерге жетиштим. Жакында эле "Улуу мекен булбулу" наамынын ээси болдум. "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйландым. Кайрымдуулук концерттерге катышып турам. "Сармерден" сынагына дагы катышкам. Өзүмдү ырчы деп эсептебейм, анткени музыка жаатында билим алган эмесмин. Бул тубаса талант деп эсептейм.

Кызымдын бактысын көрүп, небере жыттасам деп тилейм. Ырчылыкты, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүү максатым бар. Алты саны аман туруп, максатына жетүүгө аракет кылбаган инсандарга үлгү болгум келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×