Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 02.12.2019 12:56 На русском

Сүрөт — Кумтөрдөгү жер көчкүнүн алдынан 2 унаа табылды. Жоголгон жумушчулар изделүүдө

Turmush -  Кумтөр алтын кенинин аймагындагы жер көчкүнүн алдынан эки унаа табылды. Буга чейин жоголгон эки кызматкерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жети-Өгүз районундагы Кумтөр алтын кенинин аймагында 1-декабрь күнү жер көчкү жүргөн. Ошол эле күнү таңкы саат 5:00 чамасында ишкананын 2 кызматкери дайынсыз жоголгон. Аларды издөө иштерине 40ка жакын куткаруучу, милиция жана ишкананын кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү тартылды. Ошондой эле окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери барышкан.

Жоголгон кызматкерлер: 1984-жылы туулган жумушчу (мастер) И.О. жана бульдозердун 1972-жылы туулган айдоочусу Ж.Ж.. Алар түнкү нөөмөттө иштеп жатышкан.

Бульдозердун айдоочусу Тоң районунун Темир-Канат айылынын тургуну. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Анын туугандары издөө иштери жүрүп жаткан жерге жөнөп кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×