Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Баткен облусуБаткен району 02.12.2019 13:25

Быйыл Баткен шаарында 63 өрт кырсыгы катталып, 5 млн сомго жакын зыян келтирилди

Turmush -  Быйылкы жылдын 11 айында Баткен шаарында 63 өрт кырсыгы катталып, 5 млн сомго жакын зыян келтирилди. Бул тууралуу Баткен шаары жана району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Дастан Сайданов билдирди.

Анын айтымында, бул көрүнүш былтыркы жылга салыштырмалуу 23 учурга көп. 24-ноябрь күнү электр чубалгысын жана мештерди туура эмес орнотуунун кесепетинен 2 кырсык катталып, 500 миң сомго жакын зыян келтирилген.

Бүгүн, 2-декабрда Баткен шаарындагы үйлөрдүн жана борбордук базардын өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×