Таластын Чат-Базар айылында жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты ачылды
Turmush - Бүгүн, 2-декабрда Талас районунун Чат-Базар айылында К.Токтогулов атындагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты ачылды. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Света Өмүралиева билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев, дарыгерлер жана жергиликтүү тургундар катышышты.
«Мурун инфекциялык бөлүмгө 2 гана бөлмө бөлүнүп, эч кандай шарттар болгон эмес. Жаңы имараттын курулушу 2017-жылы март айында башталган. Курулушка жалпы 13 млн сом каралган», - деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком