Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 02.12.2019 11:14 На русском

Аксыда 5 баш кекилик аткан адам кармалып, айып пул салынды

Turmush -  26-ноябрь күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Тегене участкасында сайсыз ок атуучу курал менен 5 баш кекиликти мыйзамсыз аткан адам кармалды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн Аксы районундагы адиси Эрмек Асаналиев билдирди.

Кекиликтерди аткан адам өзүнүн аты-жөнүн айтуудан баш тарткандыктан анын өздүгүн тактап, тиешелүү чара көрүү максатында кармоо учурундагы видео жана ок атуучу курал Аксы РИИБге өткөрүлүп берилди. Кармалган адамдын жанында 11 даана ок болгон.

Өкмөттүн 2017-жылы 18-августта чыккан №501 токтомунун негизинде мыйзамсыз атылган 1 баш кекилик үчүн 2 миң сом айып пул салынат. Андан тышкары Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 192-беренесинин (аң уулоо эрежелерин бузуу) негизинде 12 миң 500 сом айып салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×