Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 02.12.2019 10:40

Жумгалдан Бишкекке келген Жумагүлдүн акчасын тоноп, батирин өрттөп кетишти

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун 38 жаштагы тургуну Жумагүл Абжапарова насыя алып, аны төлөө үчүн Бишкек шаарына иштөөгө келген. Ижарага батир алып, анда бир жылдан бери өзү жалгыз жашап, насыяга каражат топтоп жаткан. 21-ноябрда анын батирине уурулар кирип, акчасын жана нан бышырган духовкасын уурдап, үйдүн ичин өрттөп кетишкен.

«Мен "Аламүдүн" базарынын аймагындагы батирлердин биринде бир жылдан бери жашап жаткам. 21-ноябрда эртең менен саат 7:00дө дүкөнгө тамак-аш майын алуу үчүн чыккам. Жарым сааттан кийин үйгө келсем кимдир бирөөлөр кулпуну талкалашкан экен. Эшикти ачсам эле үйдүн ичи кара түтүнгө толуп калыптыр. Тутана албай турган от жел киргенде жалындап күйүп кетти. Мен дароо кошуналарды чакырып, өрттү өчүрүп калдык. Үйдүн ичин аябай чачып, апам берген төшөктөрдү плитанын үстүнө коюп кетишиптир. Билинбей калсын дешкен окшойт. Ал эми үйгө катып койгон бир аз акчамды жана жаӊы алган духовкамды уурдап кетишиптир. Жалпы 10 миӊ сомдун тегерегиндеги каражатка чыгым болдум. Дароо милиция кызматкерлерин чакырып, арыз жаздым. Алар сүрөткө тартып кетишти», - деди ал.

Жумагүл Абжапарова 1981-жылы 25-апрелде Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. Анын экинчи жолдошу Нарын облусунун Жумгал районунан.

«Биринчи жолдошумдан 2 кызым, экинчи турмушумдан 1 уул, 1 кызым бар.Экинчи жолдошум Нарын облусунун Жумгал районунда жашайт. Ал мал чарба менен үйдө. Насыя алып, карыз болуп калганбыз. Ошондон кутулам деп шаарга иштөө үчүн келдим. "Аламүдүн" базарында тамактануучу жайлардын биринде идиш-аяк жууп иштеп жаткам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×