Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 02.12.2019 10:40

Кадамжай шаарында чайкана өрттөнүп кетти (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 1-декабрда Кадамжай шаарында «Али-Нур» чайканасы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдинн Кадамжай районундагы бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 15:45 чамасында болгон. Аталган жай райондун Охна айылынын 1970-жылы туулган тургуну А.К.га таандык болгон. Чайкана жеңил каражаттар менен курулгандыктан 70% күйүп кетти. Жалын 3 саат аралыгында өчкөн. Өрт май менен иштөөчү электр жылыткычтан чыккандыгы айтылууда. Учурда келтирилген зыяндын өлчөмү такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×