Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.12.2019 10:37

Айлыгы аз болсо да 22 жылдан бери сүйгөн кесибин аркалаган Зейнеп Жороева

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 46 жаштагы тургуну Зейнеп Жороева 22 жылдан бери шаардык архив кызматын жетектеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1973-жылы Сузак районунун Кыз-Көл айылында төрөлгөн. Д.Шопоков атынданы 8 жылдык мектепке окуп, 1990-жылы В.Сухомлинский атындагы мектептен 11-классты бүтүргөн. 1991-1995-жылдары Б.Бейшеналиева атынданы искусство институтунун маданий дем алууну уюштуруу бөлүмүн аяктаган. 2009-2011-жылдары ЖАМУдан тарых мугалими адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолун 1996-1997-жылдары Бишкек шаарындагы Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде экскурсовод болуп иштөөдөн башталган. 1997-жылдын май айынан баштап, азыркы мезгилге чейин Кара-Көл шаардык мамлекеттик архивинин жетекчиси болуп эмгектенген. 2019-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүргөн.

Мамлекеттик архив тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жетишкен ийгиликтери, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын атынан алкыш баракчасы менен сыйланган. Кара-Көл шаардык мэриясынын ардак грамотасы, Мамлекеттик архив агенттигинин ардак грамотасы, 2014-жылы «Архив ишинин отличниги» төш белгиси менен сыйланган.

«Бала кезим Кыз-Көлдө өттү. Апам мугалим, атам совхоздун автогаражында механизатор болуп эмгектенчү. Он бир тууганбыз. Союз учурунда айылдын кыздары тамеки эгип, сугарып, чабышчу. Аларга атаандашып, апама айтып, 15 сотых жерди тамеки эгебиз деп бөлдүрүп алдык. Ошол кезде план боюнча 1 сотых жерден 1 таңгак тамеки тапшырышчу. Мен бир туугандарым менен 15 сотыхтан 30 таңгак тапшырып, 3000ден ашык рубль сыйлык алганбыз. Мектепте окуп жүргөндө эле Зууракан Кайназарова сыяктуу эмгек тажрыйбам башталган.

Мектепти бүткөндөн кийин 1991-1995-жылдары дарыгер болууну кыялданып борборго аттандым. Бирок Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун маданий дем алууну уюштуруу бөлүмүн окуп бүтүрдүм. Аны аяктагандан кийин музейде эмгектенип калдым. Ошентип 1997-жылдын 17-майынан баштап ушул күнгө чейин Кара-Көл шаардык архивинде эмгектенип келем. Дарыгер болбой калганыма өкүнбөйм. Кесибим өзүмө жагат», - деди ал.

З.Жороева ишке жаңы дайындалган жылдары айлык акысы 850 сомду түзгөнүн жана маянасынын аздыгына карабай, ишин сүйгөнү үчүн эмгектенип келгенин айтат.

«Ишимди аябай сүйүп иштедим. Жаш болсом дагы көп кыйынчылыктарды жеңип, көп нерселерди үйрөндүм. Айлыгымдын аздыгына караган жокмун. Ошол жылдары союз урагандан кийин мекеме-ишканалар жоюлуп, документтердин көпчүлүгү жокко учурап жаткан учур эле. Архивге документтерди тапшыруу боюнча эч ким сунуш берген да эмес экен. Жоготууларга дуушар болуп жаткан учурда кадр издешиптир. Албетте, айлыгы аз жумушка көп адамдар макул болгон эмес. Ошол кезде айлыгым 850 сом эле болчу. Биринчи алган маянамдын 750 сомуна кийим сатып алгам. Азыр эстеп күлүп калам, ал кезде бойдок болгондуктан ошону ыңгайлуу көрсөм керек.

Бир тууган жездем Сузак районунун архивинде иштечү. Ал архивде кандай иш алып баруу керек экенин үйрөттү, мага насаатчы болду. Мен анын отчетторун окуп, документтери менен таанышып жүрдүм. Анда азыркыдай интернет жок эле», - деди ал.

Ошондой эле З.Жороева жаштарга бир иштен экинчи ишке өтүп жатканда документтерин бири-бирине өткөрүп берүү процессин жүргүзүүнү сунуштады.

«Бизде ГЭС куруучулардын орус улутундагылары бул шаардан кетип жатканда документтерин өткөрүп берип кетишти. «Нарынгидроэнергокурулуш» ишканасынын 16 бөлүмү бар эле. Ал жакта иштегендер эмне болсо ошол болсун деп кол шилтеп кетип калбастан, бүт документтерин архивге өткөрүп берип, биздин фондду толтурушту. Бул архив 1977-жылы түзүлсө, 1997-жылы 3000 миң документ мамлекеттин каттоосунда турган экен. Бүгүнкү күндө 64 казына, 23 705 сактоо бирдиги бар. Бизде күн сайын документтерди кабыл алуу процесси тынымсыз жүрүп турат. Анткени бул элдин тарыхы. Кээ бир жетекчилердин түшүнбөстүгүнөн жоготуулар ошол жылдары көп болду. Мисалы ошол Нарын ГЭСтин балдар бакчасынын бухгалтери документтерин бизге өз убагында өткөрүп бербегендиктен кийин өзү зыян тартты. Тактап айтканда Нарын ГЭС жоюлду, анын алдындагы балдар бакчасы да жабылды. Анан чет элдик фирмалар келип бизде жол куруп иштеп калган учурда баягы бакчанын эсепчиси чет элдик фирмага кирип, жакшы маяна алып иштеп жүргөн экен. Биз издеп барып, «документтер сизде экен, тапшырып коюңуздар» деп кайрылсак, архив эмне экенин түшүнбөй, бизди жолго салган.

Кийин ошол эсепчи пенсияга чыкканда аябай өкүнүп, «менин кетирген катамды эч ким кетирбесин» деген. Себиби, анын көп жылдык эмгек тажрыйбасы катталбай, пенсияга кеч чыкты. Ушул эле сыяктуу эмгек стажы жетпей, документтери жок болуп кеткендер көп кездешет. Анан эркек кишилер 60 жаштан пенсияга чыкса, 63 жаштан чыгууга жылып калат. Аялдар 55 жаштан чыкса, 57-58 жашка жылып, өздөрүнүн жаштык кезиндеги жоопкерчиликсиздигинен ушундай каталарга жол берип коюшат. Ошол себептен жаштар документтерге так болушса абдан жакшы болот эле. Мисалы ар кандай көйгөйлөр менен жумуштан кетишет. Кээ бири өз каалоосу менен кетсе, кээ бирин жетекчи жумуштан алып коет. Ошондой учурда документтерди бири-бирине өткөрүү процессин жүргүзүү керек. Биз бул тууралуу атайын семинарларды өткөрүп турабыз. Бул боюнча өкмөттүн токтому дагы чыккан. Анда арыз жазгандан, буйрук, токтомдорду чыгарганга чейинки документтерди кантип компьютерге түшүрүп, протоколду кандай учурда түзүү зарыл экенин үйрөтөбүз. Бир кызматтан экинчи кызматка өтүп жатканда өткөрүп берүү, кабыл алуу процесси болот. Атайын комиссия түзүлүп, документтерди атайын тизме менен өткөрүп берүү керек», - деди Зейнеп Жороева.

Ал үй-бүлөлүү, 2 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×