Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусуТалас району 02.12.2019 09:12

Айыл турмушу: Ашымбек ата ээрлерди жасап, айына 30 миң сомдон табат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Ак-Жар айылынын 69 жаштагы тургуну Өскөнбаев Ашымбек ата ээр жасап, айына 30 миң сомдон каражат табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аскердик милдетин Казакстанда өтөп келип, союз тараганча чабан болуп иштеген.

«Колхоз тараганда оокат кылып, жумушка ээ болуш керек болду. Атайын окуп, билим алган кесибим жок болгондуктан ээр жасоого өткөм. Аракет кылсак колубуздан баары келет. Ошол убактан бери ээрлерди тынымы жок жасап келе жатам. Кичүү балам жүгөн жасап, ээрге керектүү жапкычтарын тиккенге жардамдашып калат.

Орус ээрлер жакшы өтөт. Аны жасоодо алгач 4 жука тактайчаны кабаттап желимдеп, бекемдеп басып, 3 саат коюп коём. Темирлерин ийип, ширетип алып, устаканада тигүү иштерин аткарам. 1 күндө 2-3 ээр жасоого болот. Колумдан чыккан миңдеген ээрлерим Таластын бардык жерине тарады. Буйрутма берип жасаткандар көп. Аны менен катар даярдап жасап алып, базарга саткан күндөрүбүз дагы болот. Кайыштан жасалгандар 5000 сомдон, палас, кийиз менен капталгандары 2500-3000 сомдон сатылат. Бул ээрлерди 6 жыл эч ойлонбой колдонсо болот. Андан кийинки жылдары оңдоого муктаж болот. Айына 30-40 миң сом таап калам. Чоң ээрлерге дагы буйрутма беришет», - деди ал.

Уста аксакал 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×