Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.12.2019 14:27 На русском

Бою 110 см болгон М.Курманалиеванын жүрөгүн багындырган Нурлан мырза

Turmush -  Бою 110 сантиметр болгон Кара-Көл шаарынын тургуну Майрам Курманалиева КТРКнын сыйлыгы жана Кыргызстан майыптар ассоциациясынын ардак грамотасы менен сыйланды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

М.Курманалиеванын айтымында, 22-ноябра КТРКнын «Кыз-жигит сармерден» берүүсүнө катышып, төш белги жана диплом менен сыйланган. Ошондой эле, Кыргызстан майыптар ассоциациясынын ардак грамотасын алган.

Ал 10 жылдан бери чыгыш бийлери менен алектенет. Көбүнчө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы шаардык маданий иш-чараларга активдүү катышып келүүдө. Мындан тышкары шаардын намысын коргоп, облустук кароо-сынактарга катышат.

Майрам айым учурда 53 жашта. Жолдошу менен бирге 7 жылдан бери түтүн булатып келет.

«Кайнагамдын баласын багып алганбыз. Майрам экөөбүз 1992-жылдан бери таанышпыз. Соода тармагында чогуу жүрдүк. Жараткандын буйругу менен баш кошуп, 7 жылдан бери чогуу жашап келебиз. Бактылуубуз», - деди жолдошу Нурлан Бекиш уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×