Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ош облусу, Ош 30.11.2019 20:45 На русском

Ош шаарында ТҮРКСОЙ стеласы орнотулду

Turmush -  Бүгүн, 29-ноябрда Ош шаарынын «Ак ниет» эс алуу багында «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык долбоорунун алкагында ТҮРКСОЙ стеласы орнотулду.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүсен Касеинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Түркменстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышты.

«Түрк дүйнөсүнүнүн маданий борбору» эл аралык долбоорунун алкагында ТҮРКСОЙ стеласынын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланган. 2018-жылдын 18-декабрында Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 36-отурумунда байыркы Ош шаары бир добуштан Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×