Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Баткен облусу, Баткен 30.11.2019 15:05 На русском

Баткенде мамлекетке келтирилген 115 млн сомдук зыяндын орду толтурулган

Turmush -  Баткен облустук прокуратура органдары тарабынан мамлекетке келтирилген 115 млн 227 миң 661 сомдук зыяндар ордуна коюлган.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 2019-жылдын 9 айында бюджеттик акча каражаттарын пайдаланууда жана коррупциялык укук бузууларды аныктоо багытында мыйзамдардын аткарымдуулугуна карата көзөмөл күчөтүлүп жана текшерүүлөр уюштурулган. Анын жыйынтыгы менен 2208 мыйзам бузуулар аныкталып, 827 прокурордук актылар киргизилип, алардын негизинде 115 227 661 сомдук мамлекетке келтирилген зыяндар ордуна коюлган. Анын ичинен акчалай 8 313 639 сомду түзсө, натуралдык түрдө 106 914 022 сом өндүрүлгөн.

Ал эми коррупциялык жана кызматтык иштер боюнча 133 кылмыш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×