Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 29.11.2019 17:19

Кызыл-Кыяда СПИДге каршы акция уюштурулду

Turmush -  Бүгүн, 29-ноябрда Кызыл-Кыя шаарынын борбордук аянтында Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата акция өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чараны Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мирлан Тойчиев ачып берди. Андан кийин шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Исаев Толубай Дыканович жана жугуштуу оорулар боюнча дарыгер Узакова Чолпон АИВнын жугузуу жолдору, оорунун алдын алуу боюнча кеӊири маалымат беришти. Ошондой эле шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун медайымдары тарабынан даярдалган флешмоб өткөрүлүп, иш-чара жөө жүрүш менен жыйынтыкталды. Ага медицина кызматкерлери жана жаштар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×