Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 27.11.2019 15:19 На русском

Төрөттөн кийин турмушу түп тамыры менен өзгөргөн Залинанын мурунку жана азыркы жашоосу

Turmush -  Залина Үмөталиева төрөт учурунда комага түшүп калган. Андан кийин башына операция жасалып, учурда үйүндө багылып жатат.

Ал 1983-жылы 26-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айылында төрөлгөн.

«Мектепти аяктагандан кийин тигүүчүлүк боюнча билим алып, иштеп жүрдү. 2003-жылы турмушка чыккан. Бирок тилекке каршы 3 балалуу болгондон кийин мамилелери келишпей, ажырашып кетишкен. Кийин кайра турмуш курду. Төртүнчү баласын жарыкка алып келем деп ушул абалга түштү. Боюнда барда эч кыйналган жок. Болгону каны аз эле.

2018-жылдын 14-ноябрь күнү Кант шаардык төрөт үйүнөн Бишкектеги №5 төрөт үйүнө которулган. Ал жактан толгоону тездетип чакыруучу дарыны 3 жолу беришиптир. Төрөт башталган учурда жолдошу жанында болгон. Биз кийин жолдошунан "колуна тонометр койду беле?" десек, "эч нерсе кылышкан эмес, ыйын деп ичин кармалап жатышкан" деди. Тили булдуруктап, сүйлөй албай баштаган экен. Анда да болбой эле төрөт кабыл алууну уланта беришкен. Качан гана башы "шалк" дей түшкөндө, дарыгерлер дүрбөлөӊгө түшүп калышкан экен. Ортодо жүрөгү токтоп калып, кайра иштетишкен экен. "Жүрөк токтоп калганда мээге аба келбей, мээ өлүп калган" дешти. Ал эми баланы колдору менен сыгып алып, аман алып калышкан. Бирок жатынынан кан кетип, аны операция жолу менен алышкан.

Эртеси да эсине келбей жатканын кабарлашты. Ошондо гана комага түшүп калганын түшүндүк. Башын 14 күндөн кийин аппаратка тарттырдык. Диагнозу геморрагиялык инсульт болуп чыкты. Өзүбүз аракет жасап, бир айдан кийин башына операцияга жасаттык. Бирок колкосу ачылган боюнча калды. Бир айдын ичинде эле 300 миӊ сомдон 500 миӊ сомго чейин акча сарптадык. Насыя, карыз алдык, эл жардам берип жатты. Учурдан пайдаланып, Россияда иштеген мекендештерге, бул жактагы кайдыгер карабаган адамдардын баарына ыраазычылык билдиребиз. Жасаган соопчулук 100 эсе кайтып келсин демекчибиз.

Операциядан кийин реабилитациялык борборго жаткырдык. Күнүгө 3000 сомдон төлөп, акыры үйгө чыгарып келдик. Жакында эле үйгө аны багууга бир аз шарт түзүп, насыя алсак да жетпей калды. Ошондо жардам сурап, элге кайрылганбыз. Аллах ыраазы болсун, Бишкектен бери эки жигит келип жардам беришти.

Учурда деле материалдык колдоого муктаж. Багып жаткан апасы да оорукчан болуп калды. Ал эми атасы альцгеймер (эс тутумунун бузулушу, жүрүм-турумунун өзгөрүшү) оорусу менен жабыркап, үйүнө тынчтык бербейт. Үй-бүлөсүн тааныбай калып жатат», - дешти туугандары.

Эскертүү! Видеону нерви жукалар көрүүгө болбойт!

Залина Үмөталиевага жардам берем дегендер 0500 520 188 (Элсом) номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×