Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Талас облусуТалас району 14.02.2020 13:52

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык көк бөрүчү К.Бейшекеевдин камчысын ырым кылып сурап алгандар болот (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Ак-Жар айылынын 36 жаштагы тургуну Кенжегул Бейшекеев бир топ жылдан бери көк бөрү ойноп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 10-класстан бери оюндарга катышып келет. Масштабдуу оюндарда 10 жылдан ашык убакыттан бери жүрөт.

«Бир тууган акелерим дагы улакчы. Аларды ээрчип жүрүп көк бөрү ойногонду үйрөнүп алгам. Алгач «Ынтымак» командасында, кийин «Датка», быйылкы жылдан баштап «Алкан ата» командасында ойноп жатам. 2017-жылы райондо «Мыкты оюнчу» деген наам алгам. Аларча деген атым менен жекеме-жеке таймаштарга чыгам. Атты өзүм карап, өзүм таптап даярдайм. Себеби оюнда аттын милдети дагы чоң ролду ойнойт. Ошондуктан минип жүргөн ат менен тил табышып, мүнөзүн жакшы билүү керек.

Көк бөрүгө жаңы аралашып жүргөн учурда атам тирүү эле. Оюндун башталышында эле кызыгына кирип, улак таштадым. Андан кийин эки жагымды карасам атам көрүп отурган экен. Мен атамдар укса каршы болот го деп ойлочумун. Тескерисинче алгачкы оюнумдагы ийгилигимди көрүп, аябай сүйүнгөн. Ошол сүйүнүчү дагы деле көз алдымда. Ошондогу атамдын шыктандыруусу ушул күнгө чейин көк бөрүгө катышканга түрткү берет.

Көк бөрү эң кызыктуу оюн. Мен жылкы баласын көрсөм эле көк бөрү оюнун элестетем. Бул жигиттин кудуретин көрсөтө турган оюн. Командабыз менен республикалык деңгээлдеги мелдештерге чейин байма-бай катышып турабыз. Кооптуу оюн болгондуктан жеңил жаракат алган учурларым бар. Бирок тез эле сакайып кетем. Командалык оюн болгондуктан балдар менен бат-баттан машыгып турабыз. Залга да барып машыгып келебиз.

Жаш балдар, көбүнчө уул балдарына ырымдап камчымды сурашат (күлүп). Ошол бала дагы элибиздин чыгааны болсун деп жакшы тилек менен берем. Өзүмдүн балдарым кичинекей, бирок көк бөрүгө кызыгышат. Алар дагы кийин улак тартышын каалайм», - деди ал.

Кенжегул улакчы 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×