Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 22.11.2019 12:49

«Жолдошумду 3 күндөн соң сүйүп калгам»: Кыз кууп бара жатып, унаада толгоосу кармаган келин. Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районунун 1-май айылынын 47 жаштагы тургуну Батма Усупова менен 51 жаштагы жолдошу Төлөн Сатыбалдиев 28 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Батма айымдын айтымында, Кара-Буура районунун Үч-Булак айылынын кызы. 1990-жылы мектепти аяктап, 1991-жылы турмушка чыккан.

«Ал убакта жеңелердин ролу чоң эле. Баланын бир жеңеси, менин 2 жеңем болуп, жолдошум менен тааныштырган. Биздин убакта кыздардын тагдырын жеңелер эле бычып коюшчу. Жеңелерим жеңекелик милдетин аткарабыз деп мени бир жигит менен тааныштырмакчы болду. Экөөбүздү бир эле жолу жолуктурушту. Көрсө, ал менин азыркы жолдошум экен. Мени бир көрүп жактырып калыптыр. Ошол убакта каникул маалы болуп, тамекиде иштеп жүргөнбүз.

Бир күнү тамекиден келе жатсам астымдан баягы мен таанышкан бала достору менен чыгып калды. Мени алып кетебиз деп келген экен. Кыздын барар жери күйөө деп, 1991-жылы 16-август күнү жолдошумдун үйүнүн босогосун аттадым. Ошондон бери экөөбүз бактылуу жашап келе жатабыз. Жолдошумду турмушка чыккандан 3 күндөн кийин сүйүп калгам. Анткени башында «азыр турмушка чыкпайм» деп каршылык көрсөткөм. Ошондо жеңелерим «Сүйүү үй-бүлө кургандан 3 күндөн кийин артыңардан келет. Болгону сен ошол сүйүүнү күтүшүң керек» деген эле. Көрсө чыныгы сүйүү никеден кийин экен. Мына минтип тунук сүйүүбүздөн мотурайган балдарды өстүрүп жатабыз. Азыр улуу балдарым үй-бүлөлүү болуп, небере жытын жыттап калдык», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле келиндик доордогу окуяны эскерди.

«Ай-күнүмө келип калган учурда үйдөгү кайын сиңдим турмушка чыгып, жеңелери кууп бармак болдук. «Кыз кууп барасың» десе жуунуп, кийинип алып жөнөдүк. Өзүм бүгүн-эртең төрөйм деп жүргөм. Кыз кууганы жолдо бара жатканда толгоом кармап калды. Ошентип жарым жолдон төрөткана алып барышкан. Кыз куубай да калдым (күлүп).

Алгачкы наристелүү болгон башкача сезим экен. Эми мен да апа болдум деп аябай сүйүнгөм. Ошол учурдагы көз ирмемдер эч убакта унутулбайт. Биринчи уулум 1993-жылы төрөлгөн. Андан кийинкилери 1994-2000-2002-2003-2007-2009-жылдары төрөлүштү. 5 уулдан кийин 2007-жылы кызым Эльвираны төрөдүм. Негизи ар бир уулумду төрөргө жакын кыз болуп калса экен деп тилек кыла берчүмүн. Жалгыз кызымды кудайдан сурап отуруп төрөдүм. Кызыбыз төрөлгөндө баарыбыз кубанып, «биздин үйдө да кыз төрөлдү» деп башкача сүйүнгөнбүз. Кызым азыр «мен жалгыз болуп калдым, мага дагы сиңди төрөп бериңизчи» деп көп айтат. Бирок эми кеч. Анткени келин алып, небере күтүп калдык. Келиним менен тең тайлашып төрөгөн болбой калат го (күлүп).

Балдарыма үй жумуштарын жасатып көндүргөм. Баары колума кол, бутума бут болушту. Кызым болсо эрке. Ал эркек балдардын арасында чоңойгондуктан мүнөзү балдардыкындай», - деди ал.

Батма айым «Баатыр эне» наамын 2013-жылы алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×