Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 22.11.2019 11:09 На русском

Суусамырда куткаруучулар маркумду унаадан чыгарып жатканда жол кырсыкка кабылды

Turmush -  22-ноябрда Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жол кырсык болуп, жабырлануучуларды куткарып жаткан учурда ӨКМ кызматкерлерин «Лексус» унаасы сүзгөн. Бул маалыматты Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы тастыктады.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, кырсык Бишкек–Ош унаа жолунун 193-чакырымында түнкү саат 00:30-01:30 чамасында болгон. «Мерседес-Бенц Спринтер» унаанын айдоочусу жол боюнда токтоп турган оор жүк ташуучу унаанын артынан сүзгөн. Анын кесепетинен «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын айдоочусу, эки жүргүнчү ооруканага жеткирилип, бир жүргүнчү каза болду. Аталган унаалар Ошту көздөй бара жаткан.

Кырсыкка кабылган «Мерседес-Бенц Спринтер»

Суусамыр жол кырсык, 2019-жыл, 21-ноябрь

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, куткаруучулар жабырлануучуларды куткарып жаткан учурда алардын кызматтык унаасын башка унаа сүзгөн. Анын кесепетинен кызматтык унаа алдыга жылып, куткаруучуларды сүзгөн.

«Жабырлануучуларды куткарып жатканда биздин 3 кызматкер жабыркап, учурда ооруканада жатат. Алар жеӊил жаракат алышкан.

Ал эми жүк ташуучу унаа менен «Мерседес-Бенц Спринтер» катышкан жол кырсыкка кабылган адамдардын аты-жөнү такталып жатат. Куткаруучулар каза болгон адамдын денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Денесинен жаракат алган жарандар жолдо бара жаткан унаалардын жардамы менен Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилди», - деп билдиришти.

Буга чейин Суусамыр өрөөнүндө унаа кырсык катталып, 1 адамдын өмүрү кыйылганын бүгүн, 22-ноябрда ӨКМден билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×