Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ош облусу, Ош 21.11.2019 14:33 На русском

Ошто айдоочу жаш жубайынын колунан ажал тапты

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарынын 46 жаштагы тургуну ооруканада операция учурунда каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, 1991-жылы туулган Г.П. өзүнүн 1973-жылы туулган жолдошун (Ү.И.) темир буюм менен бир нече жолу башка чапкан. Анын кесепетинен маркумдун баш сөөгү сынып, мээси чайкалып, ооруканага оор абалда түшкөн.

Маалыматты Ош шаардык ооруканасынан тастыкташты. Алардын маалыматы боюнча, маркум 20-ноябрда түнкү саат 02:20 чамасында жеткирилген. Жабырлануучу дарыгерлер тарабынан өз учурунда текшерилип, дем ала албай калганына байланыштуу дем берүүчү аппараттын жардамы менен операцияга алып киришкен. Бирок Ү.И. операция учурунда каза болгон. Ооруканадан маркумдун баш сөөгү майдаланып, мээси жабыркаганын билдиришти.

Ү.И. Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобус айдачу. Маршруттук каттамдын башчысы Туйбаш Итикуловдун айтымында, маркум оор басырыктуу, ишин так аткарган киши болчу.

«Ал 7 жылдан бери айдоочу болуп иштеп келген. Бүгүн анын жаназасына катышып, куран окуп, акыркы сапарга узаттык. Анын биринчи аялынан 1 кызы, 1 уулу, экинчи аялынан 1 кызы болгонун айтып жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин ал жөнүндө жаман сөз уккан эмеспиз. Акыркы кезде "аялым ооруп жатат, аны дарыгерлерге көрсөтүп жатам, баары жакшы болот" деп эле жүргөн», - деди Туйбаш Итикулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×