Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Нарын облусуКочкор району 21.11.2019 08:52

Тагдыр: Жаш үй-бүлөнүн урушу кызынын тагдырына балта чаптыбы?

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Туз айылынын 70 жаштагы тургуну Насыйкат Карыпбекова 20 жаштагы небереси Азизаны багып келет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Айнура Соодонбекова билдирди.

«Азиза 20 жашта. Туз айылында жашайт. 7 жылдан бери төшөктө жатат экен. Мага бул кыз тууралуу бир таанышым айтты. Сүрөтүн көргөндө эле бир сыйра ыйладым. Жүрөгүм ооруп, эмнеси болсо дагы көргүм келди. Өзүнүн апасы 2 баласын таштай салып баса бериптир. 70 жашка чыгып калган чоң апасы буларды багып чоңойтуптур. Мындан кийинки иниси студент экен. Барганда эле үйүндөгү жылуулук, үйүнүн тазалыгы дароо көрүнүп турду. Оорулуу кызды бакса да кабагы бир бүркөлбөгөн апа бизди тосуп алды. Мен бир курбум менен тамак-аш, тамак эзип бергенге блендер алып барганбыз. Тагдырдын оор сыноосуна кабылып, 7 жылдан бери төшөктө жаткан кызды багып жаткан апаны көрүп, бир чети таң калып, бир чети ыраазы болуп турдум. Көзүндөгү аруулук, мээрим, небересине болгон сүйүүсү чексиз экени көрүнүп турду. Өзүнүн жашы улгайып турса да оорулуу небересин таптаза кармап, көңүл бөлүп багат экен. Тилекке каршы бул кыздын айыгып кетишине эч кандай кепилдик жок экен. Бул апанын жашоосун көрүп, андан үлгү алышыбыз керек. Апа — мээримдүүлүктүн символу. Бир тонна көмүр алгыла деп акча берип, үйүбүзгө кайттык», - деди Айнура Соодонбекова.

Азизанын оорусу бир жарым жашында пайда болгон.

«Казан-аяк кагышат дегендей, мындан 20 жыл мурда келин-уулум түн жарымында уруша кетишет. Келиним кызын колуна алып үйдөн качып чыгыптыр. Туз айылынан Чолпон айылында жашаган төркүнүнө чейин баланы жука кийим менен көтөрүп барыптыр. Жетери менен бала катуу ооруп, догдурга алып барышат. Ошентип оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшөт. Доктурлар “өпкөсүнө катуу суук тийиптир” деп дарылашат. Угушума караганда ошондо өпкөсүнөн суу тарттырып салган дейт. Бирөө жүлүнүнөн тарттырыптыр дейт. Айтор, көзүң менен көрбөгөндөн кийин болжолдоп эле кала бердим.

Кийин уулум экөөнү элдештирип, келинимди алып келдик. Баланын оорусу тууралуу бизге айткан эмес. Балабыз жакшы эле чоңоюп жатып, төрт жашка чыкканда улам-улам ооруп, басып баратып эле жыгылып калмай адаты пайда болду. Ошондон бери доктурдан доктурга алып барып жаныбыз тына элек. Кийин уулдуу болушту. Баласы бир жарым жашка чыкканда экөө ажырашып кетип, эки бала менин колумда калды. Ошентип экинчи уулумдун тун кызы Азиза быйыл жыйырма жаштын тамагын ичип жатат. Бирок Азизанын абалы жылдан-жылга начарлап барат», - деди Насыйкат апа.

Ал небереси Азизаны жыл сайын шаардагы ооруканага алып барып, дарылатып келет. Бирок угуусу начарлап, сүйлөбөй, аягында буту баспай калган. Мурда абалы жакшыраак кезинде райондогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектебине берген. Ал жакта эки жыл окуп, буту баспай калгандан кийин чыгарып алган. Майыптардын арабасына салып, барбаган доктуру калбайт. Дарыгерлер «мээсинин кан тамырларына чейин катуу суук тийген» деген диагноз коюшкан.

«Азизанын оорусу башынан бутуна карай түшүп келе жатат. Буту-колунун сөөктөрү ичкерип, бүрүшүп жата берет. Кээде сөөктөрү, муундары сыздатып ооруганда түнү бою уйку бетин көрбөй кыйналып чыгат. Андайда зээним кейип маңдайында ыйлап, Жаратканга жалынып отурам. 13 жашынан бери көтөрүп багам. Памперс менен жатат. Оозуна кашыктап тамак куям. Колумдагы келиним экөөлөп жуунтабыз. Доктурлар башында анализдерин кылдат текшерип, жакшы эле карап жатышкан. Ал тургай Москвадан келген профессорлор да карап чыгышты. Акырында эч нерсе кыла албайбыз деп колума чыгарып берип коюшту. Айлабыз кеткенде табыптарга алып бардык. Майнап чыккан жок. Мурда арабага салып түртүп алчумун. Бир аз жеңил болор эле. Азыр арабага боюн кармап да отура албай калган. Өзүм жетимишке келдим. Кызды көтөрүп кароодо кыйналам, маңдайында карап отуруп аны менен кошо кыйналып бүттүм.

Бир жарым жашында колума келген Бактияр (небереси) Кочкор районундагы кесиптик лицейдин биринде 3-курста окуп жатат. Келиним уулум менен ажырашкандан кийин кайра турмуш куруп, балалуу болду деп уктум. Шаарга ооруканага жатканы барганда бир-эки ирет келген. Өзүмдүн балам болсо экинчи ирет турмуш курган. Төрт балалуу болду. Учурда үй-бүлөсү айылда, өзү Москвада иштеп жүрөт.

Беш балалуумун, баары үйлүү-жайлуу. Өздөрүнүн тиричилиги менен алек. Келип калышканда каралашып турушат. Колдогу балам үйдө, жумуш болуп калса анда-санда курулушка чыга калат. Келиним кесиби боюнча мугалим, бирок мектепте орун жок иштей элек.

Ар-намысты жыйыштырып, элден жардам сураганга аргасыз болуп жатам. Кызымдын дары-дармегине, күнүмдүк кийген памперсине акча таппай кыйналып калам. Кандай жардам болсо да кабыл алам. Кайрымдуу адамдар кызым экөөбүзгө кол сунса деп тилеп келем. Мен күнүмдүк жашоомдо телефон колдонбойм. Элден жардам болот деген илгери үмүт менен неберем Бактиярдын телефонуна "Элсом" кызматын ачтырдык», - деди Насыйкат Карыпбекова.

Элсом: 0 700 76 42 52

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×