Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 20.11.2019 14:08 На русском

«Унум жок, балдарым ачка»: Жумгалдагы 8 балалуу үй-бүлөнүн жашоосу

Turmush -  Жибек Калыбекова 39 жашта болсо, жолдошу Жумабек Турдумамбетов 50 жашта. Алар 8 баланын ата-энеси. Бул үй-бүлө Жумгал районунун Чаек айылындагы автобазанын авариялык абалдагы имаратында баш калкалап келишет.

Баатыр эне Жибек Калыбекованын айтымында, балдарына жөлөк пул чектелбей, үй-бүлөсү оор абалда жашап жатат.

«Биз авариялык абалдагы имаратта баш калкалап келебиз. Сегиз балам бар, улуусу 9-классты бүткөн. Андан кийин турмуш шартка байланыштуу окубай калды. Иштейм деп борборго кеткен. Туруктуу деле иши жок, эптеп жан багып жүрөт. Мектепте 4 балам окуйт. Балдардын кичүүсү 1 жашка толду. Өкмөт жөлөк пул чектебей калганына эки жыл болду. Жолдошуң жол тейлөө мекемесинде иштейт, эмгек акысы 15 000 сом деп балдарыма акча чектебей калышкан. Жашоом абдан оор.

Өзүм иштебейм, балдарым менен үйдөмүн. Жолдошум жол тейлөө мекемесинен жумуштан бошоп, Чаек айылындагы жол жасаган компанияга ишке орношуп, 2-3 ай иштеген. Бирок айлыгын ушул мезгилге чейин ала элек. Бир айдан бери иши жок жүрөт. Тамак-аш алганга акчабыз жок. Үйүбүз муздак, көмүр ала албай, суу жээктен отун терип жагып жатабыз. Мектептеги балдарымдын ысык тамагына да акча бере албайм. Мугалими күндө акча суратат. Мен жок деп кетирем, бирок балдарым бөлөк балдардын арасында намыстанат экен.

Бул имаратта кароолчу катары акысыз турабыз. Автобаза Жогорку Кеңештин депутатынын менчигине чыгыптыр. Ал кишини деле көрбөйбүз. Бекер турганыбызга сүйүнүп эле жашап келебиз. Күн суук болуп калды. Балдарымдын кышкы кийимдери жетишсиз, бут кийимдери жок. Ыйлап, боздогондон бөлөк айлам калбады», - дейт ал.

Балдардын сүрөттөрү Turmush басылмасына ата-энесинин уруксаты менен жайгаштырылды

Бул үй-бүлө мурда райондун Чоң-Арал айылынын Кырчын аймагында жашаган. Ал жерден көчүп келгенине 11 жыл болду.

«Жолдошум жол тейлөө мекемесине киргенде ишкананын Кызарттын белинде жайгашкан бир бөлмөлүү үйүндө 1 жыл жашадык. Балдарым чоңоюп, мектепке бара турган болуп калганда ушул жерге келгенбиз. Себеби, өзүбүз окубасак да балдар билим алсын дедик. Бир балам Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясында окуса, калганы М.Алыбаев атындагы орто мектепте окушат. Чаекте каттоого турганбыз. Айыл өкмөттөн, акимчиликтен же социалдык мекемелерден жардам болбойт. Жашоомду карап, балдарыма жөлөк пул чектеп бергиле деп кайрылсам комиссия текшерип кетишкен. Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси өзү келип, «силерге жөлөк пул чектөөгө мүмкүнчүлүк бар экен, бирок мыйзам боюнча жок» деп кетип калган. Турмушу жакшы, жетиштүү үй-бүлөлөр алып эле жатышат. Менин жашоомду көрүп, өкмөт деле боору ооруса болмок. Жолдошум ашып кетсе колуна 8-9 миң сом алчу. Андан кийин жолчулардын айлыгы кыскартылып, жумушчулардын көбү иштен чыккан.

Кыйын эле жашоо. Чоңдор келет, текшерет. Бирок жашоо турмушту көрүшпөйт. Биздин үнүбүздү угушпайт. Мага ишенбесеңер айылдагы тургундар айтышсын. Азыр унум жок, балдарым ачка. Каяктан алам деп айлам кетип жатат», - деди ал.

Демөөрчүлөр бул үй-бүлөгө 5 баш кой беришкен. Аларды учурда бир чабанга бактырып жатышат. Бирок чабандын эмгек акысы да бериле элек.

Жибек Калыбековага жардам берүүнү каалагандар 0502 080 381 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×