Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 19.11.2019 17:50

Жумгалдагы билим берүү бөлүмүн 25 жаштагы Амантур убактылуу башкарат

Амантур Дүйшөнбек уулу
Амантур Дүйшөнбек уулу

Turmush -  Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин 25 жаштагы Амантур Дүйшөнбек уулу убактылуу аткарат. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 19-ноябрда Билим берүү жана илим министри кол койду.

Амантур Дүйшөнбек уулу буга чейин ушул эле бөлүмдө адис болуп иштеп жаткан. Ал 1994-жылы 19-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында төрөлгөн. Ушул айылдагы К.Акиев атындагы орто мектебин 2012-жылы аяктап, борбор калаадагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физика жана электроника факультетин 2016-жылы ийгиликтүү бүтүргөн.

2-курста окуп жаткан мезгилде (2015-2016-жылдары) Кыргыз улуттук университетинин алдындагы фундаменталдык илимдер институтунда лаборант болуп эмгектенген. Андан соң 2017-2018-жылдары Бишкек шаарындагы №16 мектепте физика жана информатика мугалими, 2018-2019-окуу жылында Жумгал районунун Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясында физика, информатика жана математика мугалими болуп эмгектенген. 2019-жылдын июнь айынан тартып Жумгал райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу жана адис болуп эмгектенип баштаган.

Буга чейин бул кызматта Фатима Өмүралиева иштеп жаткан. Ал Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×