Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 19.11.2019 22:48

Нарында декабрь айында күтүлгөн аба ырайы

Turmush -  Кыргызгидромет Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылдын декабрь айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн аномалиясынын болжолдуу маалыматын берди.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -10…-12 градус, Кочкор районунда -7...-9 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -6…-11 градус сууктан -15…-20 градус суукка чейин, күндүз -2 градус суук, +3 градус жылуулуктан -6…-11 градус суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ат-Башы районунда абанын температурасы түнкүсүн -10…-15 градус сууктан -20…-25 градус суукка чейин, күндүз -3...-8 градус сууктан, -9...-14 градус суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (3-15 мм).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×