Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Чүй облусуСокулук району 08.12.2019 21:58 На русском

Айыл турмушу: Р.Атагулов 5 000 долларга сатылган кочкордун тукумун багат

Turmush -  Руслан Атагулов бала кезинен мал-жандыктын сырын жакшы өздөштүргөн. Бирок шартка байланыштуу 14 жыл тикмечилик өнөрдү аркалап, акыркы 7 жылдан бери кайрадан мал чарбаны колго алган. Айтылуу Кораблдин тукумун (толук бул шилтемеде) багып келе жаткан Руслан мырза менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында 1981-жылы төрөлгөн.

«Бул малды бала кезден эле багып, анын сырын өздөштүргөм. Ал эми азыркы жаӊы кыргыз койлорун багып баштаганыма 7 жылдай болуп калды. Буга чейин короодо ар кандай тукумдагы койлор болгон. Жаӊы кыргыз койлорунун өзгөчөлүгү — «товардык көрүнүшү» жакшы. Чоӊ, көлөмдүү келип, сатканга жакшы экен. Буга улай эттүү да келишет. Мунун 5 айлык козусунун эти мурунку 4 жаштагы койдун эти менен барабар болот. Ал эми чоӊ койлору 100 кг салмактан жогору келет. Мисалы, сүрөттөгү сары кочкор 160 кг салмакта. Ал эми кара кочкорум 110 кг салмакта. Ушул сары кочкорум атактуу Корабль кочкорунун тукуму болот. Ал эми кара кочкорум Тайсон деген кочкордун тукумунан. Бирок Тайсон деле ошол Кораблдин тукумунан деп жүрүшөт. Сары кочкорду 3 жыл мурда сатып алгам. Анда Кораблден тукум алып калган арашандык ишкердин короосундагы козуларынан алганбыз. Негизи менин практикамда ошол Кораблдей кочкорду көрө элекмин. Мындан ары ошондой кочкор чыгарына көзүм жетпейт. Анын салмагына, боюна жеткириш кыйын. Азыр ошол Кораблден калган тукумдардан ургаачы кой жакшы чыга баштады. Ал эми кочкорлору мурункудай болбой баратат», - деди ал.

Ишкер козуларын 10 миӊ сомдон, койлорун 15-20 миӊ сомдон жогору сатат.

«Бул тукумдагы козуларым 10 миӊ сомдон, ал эми чоӊ койлор 15 миӊ сомдон жогору, кочкорлорум 20 миӊ сомдон жогору сатылат. Эгер абдан эле чоӊ койлорум болуп калса, анда алар 35-40 миӊ сомдон жогору кетет.

Бул койдун дагы бир өзгөчөлүгү бар. Мурунку койлордун козулары көп өлүп калчу. Мисалы, 100 баш тууй турган кой бар болсо, анын жыйырмадай козусу чоӊойгуча эле өлүп калат. Бул койдун козулары оӊой менен өлбөйт. Суукка жана башка катаал шарттарга чыдамдуу келет. Кокустук менен бир нерсе жеп алып же кырсыктап эле өлбөсө, мурунку койзулардай мажирөө эмес. Мисалы, ушул тукумдагы 100 баш кой болсо, алардан 110 кой алышыӊ мүмкүн. Булар эгиздеп да көп тууйт», - деди ал.

Фермер келечекте ушул тукумдагы койлорду көбөйтүп, аны өнүктүрсөм дейт.

«Учурда бул тукумдагы койлорду Ош облусундагы ишкерлер көп алып кетип жатышат. Андан ары Тажикстанга да кетип калышы мүмкүн. Кудайым буюрса, келечекте ушул тукумдагы койлорду көбөйтүп, жакшыртсам дейм. Өкмөткө болсо, бизге жайыт маселесин жакшылап карап берсе деген сунушум бар эле. Тоонун баарына караган деген мал жебеген чөп басып кетти. Ошону менен да күрөшүүнүн жолун таап беришсе жакшы болмок.

Өзүм ортодо 14 жыл тикмечи болуп эмгектенгем. Азыр бир гана мал чарбаны карап жатам. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, 1 уул, 2 кыздын атасымын», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×