Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 18.11.2019 10:34 На русском

«Акыркы учурда жумушка барбай жүргөн»: Ошто асынып алган 22 жаштагы сержанттын өлүмү

Turmush -  Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндө келишимдин негизинде кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы сержант Т.О. өз үйүнүн жер төлөсүндө эмес, мал сарайда асынып алган. Бул тууралуу Мады айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, каза болгон жигиттин үй-бүлөсү жакшы жашачу. Маркум Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын 1997-жылы туулган тургуну. Ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу болчу.

«1 ай мурун унаасы менен жол кырсыгына кабылып, унаасы талкаланган. Ата-энеси жаңы унаа сатып беришкен. Акыркы учурда жумушка дагы көңүлү жок болуп, барбай жүргөн. Аны жумушунан аскер кызматкерлери издеп келишчү. Эмнеден улам асынып алганы белгисиз», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.

«Баракелде» басылмасы маркум Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Мады айылындагы №92840 аскер бөлүгүнүн сержанты экенин жазган. Башкы штабдын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, учурда Аскердик прокуратуранын Ош гарнизону тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×