Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуКара-Суу району 18.11.2019 09:46

Ошто асынып алган сержант 22 жашта болчу

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунун Мады айылында келишимдин негизинде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери өз үйүнүн жер төлөсүндө асынып алды. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, 1997-жылы туулган Т.О. 16-ноябрь күнү кечинде асынып алган. Анын денесин өзүнүн агасы 17-ноябрь күнү көргөн.

«Баракелде» басылмасы маркум Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Мады айылындагы №92840 аскер бөлүгүнүн сержанты экенин жазган.

Башкы штабдын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, учурда Аскердик прокуратуранын Ош гарнизону тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×