Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 17.11.2019 19:14

Санташ айыл өкмөтүнүн көк бөрүчүлөрү акимдин кубогун жеңип алышты

Turmush -  Түп районунда улак тартыш боюнча акимдин кубогу үчүн мелдешке 12 команда катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруу тобунун жетекчиси Кадыркул уулу Токтосун билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусундагы жаштар арасында (25 жашка чейинкилер) уюштурулган оюн эки жерде өтүп, ага район боюнча 12 команда катышкан. Жыйынтыгында биринчи орунду Санташ айыл өкмөтүнүн командасы ээлеп, кубок, медаль жана 7 миң сом акчалай сыйлыкты утуп алышты. Экинчи, үчүнчү, төртүнчү орундарды Түп, Михайловка жана Сары-Булак айыл өкмөттөрүнүн улакчылары ээлеп, диплом, медаль жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына туш келген көк бөрү оюнунун байге фондусуна акимчилик тараптан 30 миң сом бөлүнүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×