Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 17.11.2019 16:42

Ак-Сууда 10 ай аралыгында 8 адам жол кырсыктан каза болгон

Turmush -  Ак-Суу районунда жол кырсыктардын алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Ак-Суу райондук ЖКККБнын башчысы Толкун Дүйшенбиев маалымдады.

Анын айтымында, жол кырсыктарын алдын алуу максатында буга чейин бир катар катар рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн. Анын алкагында 10 ай 15 күндүн ичинде 3903 эреже бузган айдоочуга протокол түзүлүп, мас абалында рулду башкарган 27 айдоочулар аныкталып, айып салынган. 10 ай 15 күндө 22 жол кырсыгы катталып, 26 адам денесинен ар кандай жаракат алса, 8 адам каза болгон. Ошондой эле кызматкерлер кырсыктардын алдын алуу боюнча айдоочуларды ылдамдыкты чегинен ашырбоо жана жол эрежелерин сактап, дөңгөлөктөрүн өз убагында алмаштырып, авто унаалардын ортосундагы белгилүү аралыкты сактоого чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×