Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Нарын облусуКочкор району 17.11.2019 10:34

Кочкордогу жол кырсык: Жандандыруу бөлүмүндө жаткан Ырысбек көз жумду

Сүрөт социалдык баракчалардан алынды. Оң тараптагы Ырысбек
Сүрөт социалдык баракчалардан алынды. Оң тараптагы Ырысбек

Turmush -  Жол кырсыгына кабылып, оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 20 жаштагы Ырысбек Алибеков каза болду. Бул маалыматты Кочкор райондук аймактык ооруканасынан тастыкташты.

Жаш ырчы кечээ, 16-ноябрда түштөн кийин көз жумган. Ал Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында билим алып жаткан.

Буга чейин маркумдун жанындагылар - 26 жаштагы төкмө акын Акжолтой Канат уулу жана анын жубайы Канатбекова Изаард да 13-ноябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Сай айылында акыркы сапарга узатылганы, ушул эле күнү ырчы, алып баруучу Жоомарт Алмазбеков өзүнүн кичи мекени Кочкор районуна караштуу Орток айылында жерге берилгени айтылган.

Окуя тууралуу

Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымында жол кырсыгы катталып, 4 адам мерт кеткени маалымдалган. Алардын арасында маркум төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу жана анын келинчеги да болгон. Алар жакында эле баш кошушкан.

Каза болгон жигиттер маданият тармагында иштешчү. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар Тоң районундагы иш-чарага катышып, андан кийин Кочкор районуна тойго бара жатышкан.

Кочкор РИИБдин маалыматына караганда, 10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү саат 00:45 чамасында Кочкор РИИБдин ЖКККБнын кызматкери нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу «Кочкор—Балыкчы автожолунда эки автоунаа сүзүшүп, жол кырсыгына учураптыр» деп билдирген. Окуя болгон жерге бөлүмдүн ыкчам тергөө тобу чыгып, буларды аныкташкан: 10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында 1976-жылы туулган И.М. «Норд Бенц» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен Балыкчы шаарына бара жаткан. Ал Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымына келгенде карама-каршы келе жаткан «Субару Импреза» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен «Субару Импреза» унаасынын айдоочусу А.у.Ж., жүргүнчүлөр — Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын 2000-жылы туулган тургуну Ж.у.К., 1993-жылы туулган К.А. жана 25-30 чамасындагы келин окуя болгон жерден каза болгон. Дагы бир жүргүнчү — Ош облусунун Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган тургуну А.Ы. денесинен оор жаракат алып, Кочкор райондук аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Жол кырсыктан мерт кеткен чыгармачыл жигиттердин акыркы видеосу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×